Астанада Казакстан-Пакистан бизнес форуму өттү

Астанада Казакстан-Пакистан бизнес форуму өттү

Пакистан менен анын деңиз портторуна Казакстан чоң кызыгуучулук таанытууда. Анткени ал аркылуу ата мекендик өнүмдү Африка менен Түштүк-Чыгыш Азияга жеткирүүгө жол ачылат. Өз кезегинде Ислам Республикасы үчүн Казакстан Евразия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн бере алат. Астанада өткөн казак-пакистан бизнес форумунда соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги талкууланды. Анда эки өлкөнүн ар кайсы тармактарындагы 40тан ашык компания өкүлдөрү чогулду. Анын ичинде химия, текстиль өнөр жайы, айыл чарба, фармацевтикалык препарат өндүргөн ишканалар бар. Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10 айында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 40 миллион долларды түздү. Алдыдагы убакытта казакстандык өнүм экспортун арттыруу эсебинен көлөмдү көбөйтүү мерчемделип жатат. Ошентип, казакстандык өндүрүүчүлөр Пакистанга 21,5 миллион долларлык кайра иштетилген өнүмдүн 40тан ашык түрүн жеткире алат. Бул жерде Түндүк-Түштүк эл аралык коридору өзгөчө мааниге ээ транспорттук-логистикалык тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү, дешет серепчилер.

Ержан Кыстафин, Казакстандын Пакистандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Түндүк-Түштүк транспорт коридорун өнүктүрүүдө Пакистан негизги ролду ойной алат. Пакистан өзү дүйнөдө бешинчи ири рынок болуп саналат. 242 миллион адам бар. Бизге биринчи кезекте Казакстан менен Пакистандын ортосундагы транспорт каттамдарын өнүктүрүү керек. Биз колдонгон негизги принцип – биринчи кезекте ар тараптандыруу. Бизде бир катар багыттар, биз жумуш кылган бир катар опциялар бар. Башкы милдетибиз – бул рынокту ачуу жана колдо бар дараметти көрсөтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков