Президент түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышты

Бүгүн Бишкекте Касым-Жомарт Токаев Казакстандын түрк мамлекеттери уюмундагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды. Кыргызстандын борбор калаасында ТМУнын саммити өттү. Уюм быйыл 15 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Өлкө башчы белгилегендей, бул жылдар аралыгында ТМУ дүйнөлүк аренада кадыр-барктуу түзүмгө айланды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Казакстандын түрк мамлекеттеринин уюмуна төрагалыгы TURKTIME урааны астында өттү. Биз түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө, ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө басым жасадык. Конкреттүү натыйжаларга жетиштик, бир катар долбоорлор ишке ашырылды, 80ден ашык иш-чаралар уюштурулду. Астанада Улуу талаанын бай көчмөн цивилизациясын дүйнөгө көргөзгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Бирдиктүү түрк алфавитинин бекитилиши тарыхый окуя болду.


Түрк өлкөлөрү ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү быйыл 45 миллиард доллардан ашты. Бул дагы чек эмес. Уюмдун алкагында соода-экономикалык, энергетикалык, каржы чөйрөлөрүндө байланыштар түзүлдү.  Казакстандын президентинин айтымында, ишке кирген Түрк инвестициялык фондунун иши да интеграцияны тереңдетүүгө салым кошту. Бул максатка ТМУ мүчө-өлкөлөрүнүн жаңы түзүлгөн Борбордук банктарынын кеңеши да кошулат. Бул чечим бардык тарабынан колдоого алынды. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, натыйжалуу жыйынтыктар транспорттук-логистикалык байланыштарды бекемдейт. Казакстандын президенти адам капиталын өнүктүрүүгө да басым жасады. Мамлекет башчысынын дагы бир сунушу - Түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү үчүн кабелдик телеканалдардын өз ара берүүлөрүн уюштуруу. Саммиттин жыйынтыгында тараптар 8 документке кол коюшту. 2025-жылы ТМУга Кыргызстан төрагалык кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков