Казакстанда илимди каржылоо 3,5 эсеге өстү

Казакстанда илимди каржылоо 3,5 эсеге өстү

Мамлекет башчысы Улуттук илимдер академиясынын президентин кабыл алды. Ахылбек Куришбаев Казакстандын Президентине анын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ошентип, 2024-жылы атамекендик илимдин абалына баа берүү жүргүзүлүп, аны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды. 3 интеграцияланган дисциплиналар аралык илимий-техникалык программалар иштелип чыкты. Казакстандын Президенти Улуттук илимдер академиясынын алдына бир катар милдеттерди койду. Касым-Жомарт Токаев илимдин дараметин жогорулатуу үчүн мындан ары да системалуу чараларды көрүү зарыл экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө тармак колдоого ээ болууда. Ошентип, илимди каржылоо 3,5 эсеге көбөйүп, "илим жана технологиялык саясат тууралуу" жаңы мыйзам кабыл алынып, жаш окумуштууларга турак-жай берилет. Ал эми жакында эле мамлекет башчысы Улуттук илимдер академиясына Президенттин алдындагы эң жогорку илимий уюм макамын берген жарлыкка кол койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков