Мамлекет башчысы туризм жана спорт министрин кабыл алды

Мамлекет башчысы туризм жана спорт министрин кабыл алды

Туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов Касым-Жомарт Токаевге ата мекендик спорт тармагын комплекстүү реформалоо тууралуу баяндады. Мамлекет башчысына балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү, калыстардын жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, легионерлердин санын кыскартуу багытында аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Мекеме жетекчиси тармакка вертикалдык башкаруу системасын киргизүү боюнча иш-чаралар башталганын, «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр иштелип чыгып, спорттук инфраструктураларды жакшыртуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Ал эми туристтик дараметти жогорулатуу максатында Neo Nomad Visa долбоору ишке киргизилген. Алматы тоо кластеринде, Мангыстау жана Бурабай курорттук аймактарында пляждык туризмди өнүктүрүүнүн комплекстүү планы иштелип чыгууда. Жыйындын соңунда президент министрге тармакты мындан ары өркүндөтүү боюнча милдеттерди койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков