Президенттин төрагалыгы менен өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өттү

Президенттин төрагалыгы менен өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өттү

Олуттуу геосаясий чакырыктарга карабастан Казакстан ырааттуу өнүгүүдө. Муну жарым жылдыктын жыйынтыгынан көрө алабыз. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында билдирди. Ата мекендик экономика 3 жарым пайызга жакын өссө, реалдуу сектор 4 пайыздан ашык көрсөткүчкө жетти.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Анткен менен инфляция бир орунда турбайт. Азыр бул көрсөткүч 2015-жылдын деңгээлинен ашып, 14,5 пайызга жетти. Бирок эл аралык институттар Казакстандын ички дүң өнүмү быйыл 2 пайызга гана өсөт - деп болжолдошууда. Ага чейин өсүш 3,7 пайызды түзөөрүн айтышкан. Бул өкмөттүн ишинин реалдуу көрсөткүчү.

Ошондой эле, мамлекет башчы экономиканы башкаруунун негизги куралы болгон акча-кредит саясатын өркүндөтүү маселесин көтөрдү. Бул жаатта  банктар конкреттүү тармактарга жана өндүрүшчүлөргө насыя берүүнү кеңейтүүгө тийиш экендигин белгилеп өттү. Касым-Жомарт Токаев Улуттук банкка, Каржы рыногун жөнгө салуу агенттигине өкмөт менен биргеликте насыялоо ишине банктарды тартуу боюнча шыктандыруу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бүгүнкү күндө биз керектөө насыяларынын тез өсүшүнүн шартында корпоративдик кредиттөөнүн үлүшү азайып бараткан кырдаалга күбө болуудабыз. Беш жылдын ичинде анын үлүшү 68 ден 41 пайызга чейин төмөндөдү. Маанилүү долбоорлор мамлекеттик өнүктүрүү институттарынын же эл аралык каржы уюмдары насыяларынын эсебинен ишке ашууга тийиш. Ошол эле учурда банктардын 11 триллион теңге өлчөмүндөгү жогорку ликвиддүү активдери бар. Бул чындыгында, канааттандыраарлык жагдай эмес. Каржылык жөнгө салуучу тарабынан көрүлгөн чаралар жетишсиз.

Касым-Жомарт Токаев министрлер менен акимдерге, мекемелердин жана улуттук компаниялардын жетекчилерине өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн иштин темпин күчөтүп, жаңы ыкмаларды жана мыкты идеяларды колдонуу керектигин айтты.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков