Мажилис депутаттары «Эл Башы жөнүндө» мыйзамдын күчүн жокко чыгарууну жактырды

Мажилис депутаттары «Эл Башы жөнүндө» мыйзамдын күчүн жокко чыгарууну жактырды

Мажилисте депутат Айдос Сарым Эл Башы жөнүндөгү мыйзам долбоорун жокко чыгарууга байланыштуу түшүндүрмө берди. Пленардык жыйындын жүрүшүндө 90 депутаттын баары Туңгуч президенттин ыйгарым укуктары тууралуу конституциялык мыйзамдын колдонулушун токтотуу сунушун колдоп, добуш беришти. Парламенттин төмөнкү палатасында белгиленгендей, бул өзгөртүүлөр биринчи кезекте өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарга, ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүүгө багытталган.

Айдос Сарым, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Кезинде «Эл Башы жөнүндөгү» мыйзамда Биринчи президентке көптөгөн артыкчылыктар берилген өзгөчө жоболор жазылган болчу. Депутат катары биз мурдагы президенттердин кандай мөөнөткө иштегенине карабастан бирдей укуктарга ээ болушун талап кылабыз. Дал ушуга артыкчылык берилиши керек. Бул бир гана Эл Башы жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү эмес. Коопсуздук сыяктуу башка да мыйзамдарда жазылганы бар. Алардын баарын жумушчу топ талдап чыгуу үчүн дагы бир нече жыйындарды өткөрөт.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган мыйзамда Казакстандын мурдагы лидери Нурсултан Назарбаевге “Эл Башы” макамы берилген. Ошондой эле, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол тийбестик укуктары кепилденген. Мындан тышкары, документ боюнча экс-президент мыйзамдуу түрдө турак-жай, байланыш, транспорт, коопсуздук, медициналык тейлөө менен камсыздалган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков