Мамлекеттин экономикага ашыкча кийлигишүүсүнөн баш тартуу, атаандаштыкты өнүктүрүү, улуттук кирешени калкка адилеттүү бөлүштүрүү. Мунун бардыгы Казакстан элинин жыргалчылыгын мындан ары жогорулатууга багытталган реалдуу кадамдар. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун талдоочулары Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунда айтылган жаңы экономикалык багыттын артыкчылыктарына баа беришти.
Арман Токтышаков, дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун талдоочусу:
- Билдирүүдө ачык-айкын көрсөтүлгөн экономикалык реформалар системалуу мүнөзгө ээ. Бул салык, бюджет реформасы жана башка бир катар багыттар. Чындыгында буларды ишке ашыруу менен биз инфляция, азык-түлүктүн кымбатташы, эмгек акынын аздыгы, өнүкпөй калган өндүрүш, өнөр жай сыяктуу элдин эң курч экономикалык көйгөйлөрүн чечебиз. Реформалар аталган көйгөйлөрдөн арылууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, талдоочунун айтымында, мамлекет башчы өз кайрылуусунда бизнести колдоого өзгөчө көңүл бурду.
Арман Токтышаков, дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун талдоочусу:
- Президент биринчи кезекте, бизнести колдоо керек - деген так талап койду. Экинчиден, бул жаатта адилеттүү иш алып баруу зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, өкмөт бааларды бир калыпка келтирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуудан акырындап чыга турганын белгиледи. Бул бизнес ээлери үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болот. Ошентип, алар рынокту ата мекендик азык-түлүктөр менен камсыз кылуу багытында сапаттуу экономикалык саясат жүргүзө алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков