Казакстанда химия жана металлургия тармагында 10 миллиард долларлык 5 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Алар жогорку кошумча нарк менен экспортко багытталган өнүмдөрдү чыгарууга багытталган. Өкмөттүн жыйынында кошумча наркы жогору кластерлерди түзүүгө багытталган иштер талкууланды. Абай облусунда кубаттуулугу 300 миң тоннага чейинки катоддук жез эритүүчү заводдун курулушу башталды. Ал эми Караганды облусундагы «Qarmetте» алар масштабдуу модернизациялоону ишке ашырууну көздөп жатышат. Завод өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, унаа жасоо жана автоунаа жасоочу ишканалар учун өнүмдүн жаңы түрлөрүн чыгарат. Бул долбоорго гана инвестициянын жалпы көлөмү 3,5 миллиард долларды түзөт. Ал эми Костанай облусунда кубаттуулугу жылына 2 млн тонна болгон ысык-брикеттелген темир чыгаруучу ишкана курууга ниеттенүүдө. Батыш Казакстан жана Мангыстау облустарында эки комплекс курулат. Бири калий хлоридин, экинчиси аммиак - карбамидди чыгарууга адистештирилет. Министрлер кабинетинен белгилешкендей, ички рыноктун минералдык жер семирткичтерге болгон муктаждыгын камсыздайт. Пайдаланууга берүү 2029-жылга мерчемделип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

