Бозжыра капчыгайында туристтик обьекттер курулат

Бозжыра капчыгайында туристтик обьекттер курулат

Маңгыстау облусундагы Бозжыра капчыгайында жаңы туристтик долбоордун курулушу башталды. Заманбап стилде курула турган сапар-борборунда саякатчылар үчүн бардык шарттар каралат. Туристтер үчүн этно-кафелер жана глэмпинг аянтчалары болот. Табигый ландшафт жана маданий мурас саякатчыларды көчмөн цивилизациялар дүйнөсүнө жетелейт. Долбоордун авторлорунун айтымында, сапар-борбор экологиялык талаптарга жана туруктуу туризмдин принциптерине жооп берет. Аймактын туристтик дараметин илгерилетүүгө багытталган комплекс 2027-жылы пайдаланууга берилет. 17 глэмпинг павильону, 50 мейманкана бөлмөсү жана борбордун жалпы аянты 450 чарчы метрди түзөт. Комплекс атамекендик инвестордун каражатына курулат.

Сауле Жаңабаева, долбоор жетекчиси:

- Сапар-борбор план боюнча 18 айга уланат деп жатабыз. 18 айда биринчи этап- сапар-борборун куруу, андан кийин калган глэмпингдерди тургузуу болуп саналат. Аталган борборду салуунун башкы максаты-жаратылышты сактоо менен курулуш салуу. Сапар-борборду түзүү, куруу жана дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтер, казакстандыктар үчүн ыңгайлуу чөйрөнү даярдоо.

Которгон: Илгиз Жамалбеков