Казакстандын улуттук инвестициялык долбоорлор пулунда суммасы 34,3 триллион теңгенин 769 долбоору катталган. Бүгүнкү күндө алардын жарымына жакыны курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Ал эми 40% документтери даярдалып жатат. 66 долбоор пайдаланууга берилди. Ири долбоорлордун катарында Астана, Шымкент шаарлары, Жамбыл, Кызылордо жана Түндүк Казакстан аймактары бар. Көпчүлүгү атамекендик инвесторлордун эсебинен жүзөгө ашырылып жатат. Ошондой эле Кытай, Орусия, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын капиталы тартылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

