Быйыл Казакстанда кайра жанма энергия булактарынын үч жаңы объектиси пайдаланууга берилди. Дагы бешөөнүн курулушу жакын арада бүткөрүлөт. Тармактык министрликтен белгилешкендей, жаңы булактардын киргизилиши өлкөнүн энергетикалык дараметин кошумча бекемдейт. Жалпысынан бүгүнкү күндө Казакстанда 148 кайра жанма энергия булактарынын объектиси иштеп жатат. Бул шамал, күн, гидро жана биогаз станциялары. Алар көмүртектин изин азайтууда негизги ролду ойноп, өлкөнүн энергетикалык тармагын таза жана туруктуу энергия менен камсыз кылышат. Ал арада тиешелүү мекемеде 2035-жылга чейин тармакты өнүктүрүү планы иштелип чыкты. Ал кеминде 26 ГВт жаңы кубаттуулукту киргизүүнү карайт. Серепчилердин айтымында, Казакстан кайра жанма энергияны өнүктүрүү темпи боюнча Борбор Азияда лидерлигин көрсөтүүнү улантууда. Быйыл өлкөнүн энергетикасына 327 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылып. 19 келишим түзүлдү. Алар Кытай жана Сауд Арабиясы менен кызматташтыкта ишке ашырылат. Долбоорлор күн жана шамал электр станцияларын курууну камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

