Акбакай алтын кен комбинатында өндүрүштүн жаңы булагы ишке киргизилди. Мунун эсебинен алтын рудасын кайра иштетүү кубаттуулугу жылына 850 миң тоннадан 1,2 миллион тоннага чейин өсөт. Адистер жаңы схемалар өндүрүштүн көлөмүн кеңейтип, өлкөнүн экономикасына дагы чоң салым кошоорун айтышат. Мындан тышкары кошумча жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, алтын камтыган рудалар алтын кен комбинатында кайра иштетилип, даяр өнүмдөр, алтын-күмүш эритмелери чыгарылат.