Фермерлер күрүчтүн рекорддук түшүмүн жыйнашы мүмкүн

Фермерлер күрүчтүн рекорддук түшүмүн жыйнашы мүмкүн

Дыйкандар быйыл күрүчтүн рекорддук көрсөткүчтөрүнө жетиши мүмкүн. Себеби, жердин нымдуулугу көп, түшүмү да жакшы. Азыркы өрөөндөгү күрүчтүн 32 пайызы жыйналып, учурда Кызылордо облусунда талааларда иш кызуу жүрүп жатат. Техника күнү-түнү иштөөдө. Адистердин айтымында, аймактагы ар бир айдоо гектарынан орто эсеп менен бир нече ондогон центнер күрүч жыйналат. Жалпысынан бул айыл-чарба өсүмдүктөрү менен дыйкандар 85 миң гектардан ашык жерге себишти. Көпчүлүгү минералдык жер семирткичтер менен иштетилген. Бул да күрүч көлөмүн жана түшүмдүүлүгүн таасирин тийгизген.

Ербол Акбергенов, агроном:

- Өткөн жылы биз 72 центнер өнүм алганбыз. Быйыл жогору.  Учурда 900 гектар жерден түшүм жыйнадык. Орточо түшүмдүүлүк 87 центнер. Алардын ичинен Орусиядан келген каурис сорту 92-93 центнер түшүм берип жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө.

Талғат Дүйсебаев, Облустук айыл чарба жана жер мамилелери башкармалыгынын жетекчиси:

- Өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүмдүүлүк бир пайызга жогорулады. Бүгүнкү күндө 85 600 гектардын 28 миң гектары жыйналды. Бул 32 пайыз. Анын ичинен 20 миң гектары бастырылган.

Которгон: Назира Бегалиева