Президенттин жолдоосун ишке ашыруу боюнча чаралар өкмөттө каралды

Президенттин жолдоосун ишке ашыруу боюнча чаралар өкмөттө каралды

Казакстанда алдыдагы тогуздун айында ALEM.AI жасалма интеллект борбору ишке киргизилет. Жаңы түзүм борбор калаада Digital Bridge 2025 – Борбордук Евразиядагы эң ири эл аралык технологиялык форумунун алкагында ачылмакчы. Бул тууралуу Президенттин Кайрылуусун ишке ашырууга арналган Өкмөт отурумунда айтылды. Премьер-министр санариптик кодекс жана «Жасалма интеллект жөнүндө» мыйзам долбоорлорун тактоону тездетүүнү, «Digital Qazaqstan» концептуалдык документин иштеп чыгууну, жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигин түзүү тууралуу президенттин жарлыгынын долбоорун киргизүүнү тапшырды.

Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:

- Президент белгилегендей, мамлекеттик башкаруу системасындагы санариптик ыкма жарандардын кызыкчылыгына шайкеш келишин камсыздап, ачыктыгын жана натыйжалуулугун эселеп арттырат. Массалык санариптештирүү диверсификация менен катар экономиканы комплекстүү түрдө жаңылоого жана Казакстанды дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жөндөмдүү өлкө катары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Өкмөт кайрылууда айтылган милдеттерди ыкчам аткарууга болгон күчүн жумшайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков