Тажикстан Казакстандын билим тажрыйбасын изилдейт

Тажикстан Казакстандын билим тажрыйбасын изилдейт

Тажикстан PISA эл аралык рейтингинин жыйынтыгы боюнча Казакстандын алдыңкы билим берүү тажрыйбасын изилдейт. Эске сала кетсек, өлкө математика жана табигый илимдердин билим деңгээли боюнча алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кирди. Бул тууралуу Казакстандын биринчи вице-министри менен Тажикстандын Билим жана илим министринин орун басарынын жолугушуусунда айтылды. Ы. Алтынсарин атындагы Улуттук билим академиясы менен Тажикстандын билим академиясы ортосунда өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Жалпысынан эки тарап биргелешкен иштин көлөмүн кеңейтип, боордош өлкөлөрдүн билим берүү жана маданият деңгээлин жогорулатууда тажрыйба алмашууну, жогорку натыйжаларга жетишүүнү макулдашты.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков