Транспорттук логистиканы өнүктүрүү – Казакстандын стратегиялык артыкчылыгы

Транспорттук логистиканы өнүктүрүү – Казакстандын стратегиялык артыкчылыгы

Транспорттук логистиканы өнүктүрүү – Казакстандын жаңы экономикалык моделге өтүүсүнүн негизги элементтеринин бири. Касым-Жомарт Токаев Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында глобалдык атаандаштыктын заманбап шарттарында бул тармактын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошол эле учурда темир жолдор экономиканын жаңы таянычы боло алат. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жүк ташуунун 60% темир жол аркылуу ишке ашырылат. Тармактын дараметин жогорулатуу жана анын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн Президент улуттук темир жол оператору тарабынан жүк ташуучу вагондорду берүү процессин санариптештирүүнү тапшырды. Темир жол тармагындагы тарифтик саясат да реформаланат. Өкмөт автоунаа ташуулары боюнча долбоорлордун ишке ашырылышын да өзгөчө көзөмөлгө алат. Касым-Жомарт Токаев жаңы жылга чейин жасалма интеллектти колдонуу менен автотранспорттук агымдарды башкаруунун санариптик платформасын ишке киргизүүнү тапшырды. Бажы процедуралары да санариптик ыкмалардын жардамы менен оптималдаштырылат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Мында коңшу өлкөлөрдүн маалыматтык системалары менен тиешелүү интеграция жүргүзүү зарыл. Менин кайрылуумда Smart Cargo жүк ташууларды башкаруунун санариптик платформасын жана Keden бажылык тариздөө системасын киргизүү тапшырылган. Алар азыртадан эле иштеп жатат, бирок пилоттук режимде. Бирдиктүү интеллектуалдык транспорттук экосистеманы куруу үчүн бардык мекемелик маалыматтык системаларды интеграциялоо менен алардын толук кандуу ишке киришин тездетүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков