Казакстанда Astana Hub менен Инновациялык технологиялар паркы бириктирилет. Өлкөнүн Мажилиси мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Башкача айтканда, экосистеманын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алардын инновациялык ишмердүүлүгү бир жерге топтоштурулат. Документте бул тармактагы бардык жаңы демилгелер бир нече багытта системалаштырылган. Мындан тышкары, биргелешкен уюмдун каржылоо механизмдери аныкталды. Мында ички венчурдук рынокту өнүктүрүүгө жана каржы булактарын баалоого артыкчылык берилет. Эң негизгиси жаңы түзүмдүн тажрыйбасын өлкөнүн башка инновациялык аймактарына жайылтуу көздөлгөн. Мында улуттук инновациялык системаны өнүктүрүүчү бирдиктүү санариптик платформа түзүлөт.
Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай мнистри:
- Анын максаты - мамлекеттик колдоонун бардык чараларына жеткиликтүүлүктү борборлоштуруу. Башкача айтканда, илим, бизнес, инноваторлор жана мамлекетти бир санариптик аянтчада бириктирүү. Бүгүнкү күндө окумуштуулардын базасы, макалалар, аккредитациялар, илимий-изилдөө институттарынын паспорттору жана гранттар тууралуу маалыматтар менен илимий портал өзүнчө ишке ашырылды. Ошентип, бул демилге инновациялык долбоордун бүткүл жашоо циклин камтыган «бирдиктүү терезе» болмокчу.
ASTANA HUBтын 500гө жакын резиденти наркы 480 млн доллар экспорттук өнүм өндүрөт
Тармак жетекчиси эл аралык рынокко чыккан инновациялык долбоорлорго да токтолду. Маалыматка ылайык, учурда Астана Хабдын 500гө жакын резиденти жалпы баасы 480 миллион долларды түзгөн экспорттук өнүм өндүрөт. Бул серияда тексттин талабы боюнча видеолорду жасаган жасалма интеллект модели бар. Кремний өрөөнүнөн 16 миллион доллар инвестиция алган ата мекендик стартап OPEN AI жана Google сыяктуу технологиялык гиганттардын өнүмдөрүнө түз атаандаш. CodiPlay - EdTech тармагындагы дүйнө жүзү боюнча 600 мектепти камтыган казакстандык демилге БУУнун сыйлыгын алды. Блокчейн менен иштеген акылдуу такталар долбоору Түркия жана жакынкы Чыгыштын базарларына да чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

