Казакстандын Тышкы
иштер министрлиги Кара деңизде Каспий кууру консорциумунун терминалына бет
алган үч танкерге жасалган чабуулдарга байланыштуу билдирүү жасады. Мекеменин расмий
өкүлү бир катар европалык мамлекеттердин элчилери менен шашылыш жолугушуулар
өткөнүн, америкалык тарап менен жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөр менен
байланыштар болгонун кабарлады. Тараптар деңиз жолдорундагы коопсуздукту камсыз
кылуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуунун маанисине өзгөчө маани беришти.
Казакстан кандайдыр бир куралдуу кагылышууга катышуучу болуп саналбайт,
глобалдык жана европалык энергетикалык коопсуздукту чыңдоого олуттуу салым
кошуп келет. Ошондой эле, энергия ресурстарын жеткирүүдө эл аралык талаптарды
толук сактайт. Буга байланыштуу билдирүүдө аталган танкерлердин бардык керектүү
уруксаттары болгону белгиленди. Тышкы иштер министрлиги өнөктөштөрдү алдыдагы
убакытта ушундай окуялардын алдын алуу максатында биргелешкен чараларды иштеп
чыгууга чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

