Казакстан менен АКШнын ортосундагы тоо-кен тармагы жана
маанилүү минералдар боюнча кызматташтык жаңы стратегиялык деңгээлге көтөрүлдү. Эл
аралык Тоо-Тен металлургиялык
конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын соода министринин орун басары Дэвид Фогель
Вашингтондун минералдык ресурстар тармагында Казакстан менен өнөктөштүктү
кеңейтүүгө,
дүйнөлүк жеткирүү чынжырларын чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Белгилей кетсек,
буга чейин Казакстан менен АКШ эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тоо-кен
жана экономика тармактарында жалпы наркы 17 миллиард АКШ долларын түзгөн 29
келишимге кол коюшкан. Казакстан тарабы АКШ менен өнөктөштүк чийки зат экспорту
менен гана чектелбейт деп билдирди. Негизги артыкчылык
— алдыңкы технологияларды трансферттөө жана кошумча наркы жогору болгон
өндүрүштөрдү өнүктүрүү болуп саналат.
Марат Биримжан, «Kazakh Invest» Улттык компаниясынын Америка
Кошмо Штатындагы өкүлү:
– Биз үчүн да, АКШ үчүн да маанилүү минералдар
инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биз эки өлкөнүн
өкмөттөрү ортосунда да, улуттук жана жеке компаниялар, бизнес өкүлдөрү
ортосунда активдүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө күч жумшайбыз. Алдыда чоң кызматташтык
мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ойлойм, бул миллиондогон эмес, миллиарддаган доллар
каражатка жол ачат, ушул сүйлөшүүлөрдөгү ири, орто жана чакан америкалык
компаниялардын өзү буга далил.
Магжан Ильясов, Казакстан
Республикасынын АКШдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
– Эң башкысы, мунун баарынын түпкү негизинде чоң саясий максат жатат, Кошмо Штаттардын азыркы администрациясы Казакстанды өз экономикасы үчүн өтө ишенимдүү жана маанилүү минералдарды жеткирүүчү катары карайт. Биз өз тарабыбыздан чийки затты өндүрүү, экспорттоо менен гана чектелбестен, Казакстанда биргелешкен ишканаларды түзүү демилгесин көтөрүп, ошого багытталган өнөктөштүк ыкмаларын издеп жатабыз, бул кошумча наркы жогору өнүмдөрдү чыгарууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

