Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн казакстандыктарды эвакуациялоо башталды

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн казакстандыктарды эвакуациялоо башталды

Казакстандыктардын биринчи тобу Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу БАЭден келди. 306 жүргүнчү FlyDubai авиакомпаниясы менен Дубайдан Алматы жана Астанага жеткирилди.

Алибек Бакаев, тышкы иштер министринин орун басары:

– Flydubai компаниясынын чечимине ылайык, бирдин айынын 28не чейин билет алып, бирок жалган куран айынын 1де жана 2де уча албай калган Казакстандын жарандары ошол рейс менен учуп кетишти. Жалпысынан БАЭ аба мейкиндигин жапты. Көптөгөн авиакомпаниялар каттамдарды токтотушту, бирок өз компанияларына жүргүнчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткарууга уруксат беришти, ошондуктан кечээки рейс ишке ашты.

Министрликтин маалыматы боюнча, БАЭнин аба мейкиндиги ачылганда, казак тарап Air Astana жана Scat авиакомпанияларынын алтыга чейин учагын колдонууга даяр. Ошол эле учурда, эртең Сауд Аравиясында жүргөн казакстандыктар да мекенине кайтып келери күтүлүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин өлкөнүн 50 жараны Тегерандан чыгарылган. Бул тууралуу республиканын ТИМи билдирди. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жарандарды Ирандан коңшу өлкөлөр аркылуу эвакуациялоого көмөктөшүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Республиканын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кырдаалга тынымсыз мониторинг жүргүзүп, жергиликтүү бийлик жана казакстандыктар менен консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү үчүн дайыма байланышта болуп турушат. Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө 8 миңге жакын мекендештер бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков