Согуштарды токтотуу эмес, алдын алуу. Талаштарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча эч кандай кызмат көп тараптуу кызматташтыктын эффективдүү иштеп жаткан системасын алмаштыра албайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Сингапурдагы 46-лекцияда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, азыр БУУнун реформасынан баштап көп тараптуу институттардын беделин жаңыртуу жана калыбына келтирүү болуп көрбөгөндөй маанилүү. Мамлекет башчы уюмдун коопсуздук кеңешинде орто державалардын жана бардык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн үнү бекемделиши жана так угулушу керек экенин баса белгиледи. Глобалдык коопсуздук архитектурасы кыйрап, чара көрүү мезгили келгенин сандар далилдеп турат. Казак лидери өткөн жылы дүйнөлүк аскерий чыгашалар рекорддук деңгээлге өсүп, 2,2 триллион долларды түзгөнүн белгиледи. Бул жаңы жарыша куралданууга алып келет. Бардык аракеттерге карабастан, адамзат жаңы аскердик кагылышуулардын курмандыгы болуп жатат. Өлкө адилеттүү Казакстанды куруу жолу менен бара жатып, жоопкерчиликтүү дипломатиянын принциптерине жана баалуулуктарына бекем берилген.
Касым-Жомарт Токаев АСЕАН мейкиндигинде жана Борбор Азияда Сингапур сунуштаган «кесилишкен достор чөйрөсү» концепциясын колдонууну сунуштады. Аймак азыр ачык жана бардык кызыкдар тараптар менен иштөөгө даяр. Муну түзүлгөн C5+ кызматташуу форматынан көрүүгө болот. Белгилей кетсек, 1980-жылдардан бери Юсуф Исхак институту тарабынан уюштурулуп келе жаткан Сингапур лекциялары академиктерге, саясат таануучуларга жана дипломаттарга мамлекет башчыларынын жана дүйнөлүк көрүнүктүү саясатчылардын позицияларын өз оозунан угууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков