Казакстан менен Кыргызстандын чек ара аймагында индустриялык соода-логистикалык комплекси түзүлөт. Сенат тараптардын келишимин жөнгө салуучу макулдашууну жактырды. Жалпы аянты 7,6 чарчы чакырымды түзгөн комплексти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Анын курулушу толук инвестициялык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашат. Ири долбоордун жалпы баасы 30 миллиард теңгенин тегерегинде болмокчу. Товарларды жана жабдууларды сактоо үчүн кампалар салынат, инженердик жана транспорттук инфраструктура тартылат. Ал эми өндүрүш аянттарында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат. Бул жаатта депутаттар эки тараптын тең дарамети жетиштүү экенин айтышууда. Белгилей кетсек, өз ара соода жүгүртүү 2020-жылдан бери 2 эсеге өсүп, өткөн жылы 1,6 миллиард долларды түзгөн. Анын 1 миллиард доллардан ашыгы Казакстандын экспортунун үлүшүнө таандык.
Бауыржан Каниев, Парламент мажилисинин депутаты:
– Биздин мамлекеттердин жетекчилери 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү эки эсеге көбөйтүп, 3 миллиард АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшту. Буга байланыштуу «Карасу» жана «Ак-Тилек» өткөрүү пунктарында индустриялык-соода-логистикалык комплексин түзүү, эки тараптуу кызматташтыкты жандандыруу, өз ара соода-көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен сооданы арттыруу- эл аралык товар өндүрүү системаларын натыйжалуу интеграциялоо үчүн керектүү кадам болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков