2025-жыл
Казакстан үчүн президенттик реформаларды институционалдык жактан бекитүү этабы
болду. Жылдын жыйынтыгын мамлекеттик кеңешчи чыгарды. Ерлан Карин социалдык
тармактагы баракчасында ички саясатты системалаштыруу жана бирдиктүү баалуулук
багыттарын калыптандыруу улантылганын белгиледи. Өтүп бара жаткан жыл
мамлекеттин масштабдуу санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын
кеңири киргизүүгө багытталган узак мөөнөттүү вектору менен белгиленди. 2025-жыл
ошондой эле өлкөдөгү саясий реформалардын жаңы этабынын башталышы болду. Казакстандын
Президентинин бир палаталуу парламентке өтүү демилгеси саясий институттардын
ролун чыңдоого жана конструктивдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө умтулууну
чагылдырат. Жалпысынан, Ерлан Карин белгилегендей, президент Касым-Жомарт
Токаевдин саясий курсун ырааттуу ишке ашыруу өлкөнү өнүктгүрүүдө жаңы
магистралдык жолго алып чыгууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

