Мамлекет башчысы КЭАнын ХХХІІІ сессиясын өткөрдү

Биримдик. Жаратмандык. Өнүгүү. Бүгүн Президент Казакстан эли Ассамблеясынын ХХХIII сессиясында заманбап ийгиликтин жана стратегиялык өнүгүүнүн үч негизги концепциясы тууралуу айтты. Ынтымак менен биримдик башкы баалуулук жана мамлекеттик саясаттын ажырагыс багыты бойдон кала берет, деди мамлекет башчысы. Буга бир нече аймактагы табигый апааттын кесепеттерин жоюуда мамлекеттин бардык түзүмдөрүнүн жана коомдун алгачкы күндөн баштап жигердүү жана ынтымактуу иши далил. Президент жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен казакстандыктарды кадимки жашоого кайтаруу азыр негизги милдет экенин ырастады. Аны ишке ашыруу үчүн бардык күчтөр жана структуралар тартылып, карапайым казакстандыктар да жардам колун сунду. Касым-Жомарт Токаев Ассамблеянын өкүлдөрү да аймактарда  чоң иштерди жасаганын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бир нече жумадан бери элибиздин биримдиги жана чечкиндүүлүгү, болуп көрбөгөндөй табигый кырсыкты татыктуу жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү сынга алынды. Кандай гана каатчылык болбосун биз үчүн сыноо гана эмес. Бул ар бирибиздеги күч-кубатыбызды жана карым-катнашыбызды ачып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мамлекетибиздин өнүгүшүнө тоскоолдук келтирген нерселердин баары эртеби-кечпи тарыхта калат. Ошондуктан азыркы жаратылыш кырсыгы кооптонуп, жашоодон түңүлө турчу нерсе эмес. Өсүп-өнүгүү жолунда ар кандай тоскоолдуктар болот. Бирок анын артынан жакшылык келет.

Мамлекет башчысы Ассамблеяны мындан ары өнүктүрүү маселесине да токтолду. Президент Ассамблеянын ишин өлкөнүн жаңы гуманитардык идеологиялык доктринасы менен координациялоо зарыл деп эсептейт. Ал мекенчилдик, биримдик жана сабырдуулук, жаратмандык жана жаңычылдык сыяктуу принциптерге негизделген. Ассамблея жаштарды идеологиялык жактан тарбиялоого өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле, улуттар аралык байланыш борборлорун өнүктүрүү жана ушундай жаңы борборлорду ачуу менен алектенет. Анын үстүнө Ассамблеянын институционалдык дараметин күчөтүү зарыл. Анын мамлекеттик органдар менен мамилесин жакшыртуу керек, деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Менин тапшырмам боюнча облус жетекчилери эки айда бир жолудан кем эмес Ассамблеянын өкүлдөрү менен биргеликте этностор аралык кырдаал боюнча жыйын өткөрүп турат. Ассамблеянын негизги иш-чараларына облус жана республикалык маанидеги шаарлардын акимдери түздөн-түз катышууга тийиш. Ассамблея мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине жана реформаларды алдыга жылдырууга активдүү катышуусу керек. Ошондуктан анын илимий-талдоочулук дараметин өнүктүрүү зарыл.

Кийинки жылы КЭА өзүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Ынтымак жана биримдик институту “Биздин биримдигибиз көп түрдүүлүктө” деген негизги принципти көрсөткөн коомдук мүнөздөгү иш-чараларга жана долбоорлорго басым жасайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков