Мамлекет
башчысы Орусиянын хоккей федерациясынын президенти Владислав Третьякты кабыл
алды. Жолугушууда КМШ өлкөлөрүндө спорттун бул түрүн өнүктүрүү маселелери
талкууланды. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, ата мекендик командалардын,
анын ичинде борбор калаанын «Барыс» клубунун КХЛ чемпионатына жана башка
турнирлерге катышуусу, ошондой эле, улуттук кураманын дүйнөлүк чемпионаттардагы
ийгиликтүү оюну өлкөдө спорттун аталган түрүнүн таанылуусуна оң таасирин
тийгизүүдө. Атап айтканда, Казакстанда хоккей мектептери, жаштар командалары
жана мелдештер көбөйдү. Владислав Третьяк «Qazaqstan Hockey Open 2024» сыяктуу
эл аралык турнирлердин биринин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи. Ошондой
эле, ал спортту өнүктүрүү мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл буруунун аркасында
мүмкүн болгондугун кошумчалады.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков