К.Токаев Астанада Улуттук коопсуздук комитетинин департаментинин жаңы имаратына барды

К.Токаев Астанада Улуттук коопсуздук комитетинин департаментинин жаңы имаратына барды

Казакстандын президенти Улуттук коопсуздук комитетинин Астана шаары боюнча департаментинин жаңы имаратына барды. Касым-Жомарт Токаевге ыкчам борбор, кызматкерлердин жумушчу кабинеттери жана заманбап талаптарга жооп берген атайын кызматтык жайлар көрсөтүлдү. Президент борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык база менен жабдылган курулган имаратты оң баалады.

Которгон: Назира Бегалиева