Жакында Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары башталат

Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Анда 80 спортчу өлкө намысын коргойт. Алар спорттун 25 түрү боюнча 81 комплект медаль үчүн ат салышат. Айта кетсек, 12 спортчу Шымкенттен. Алардын бири Сергей Емельянов. Ал суу спорту боюнча Казакстан намысын коргойт.

Ал үчүн сүзүү эң кыйын. Спортчулар беш жүз метр аралыкты бир нече мүнөттүн ичинде басып өтүшөт. Спортчунун айтымында, көңүлдү топтоо маанилүү. Сергей медаль алууга ынтызар. Анткени ал Токио Олимпиадасында  болгону 12-орунду ээлеген.

Сергей Емельянов, спортчу:

– Азыр мен бул Олимпиадага психологиялык жана физикалык жактан жакшыраакмын десем болот. Даярдыктар планга ылайык жүрүп жатат. Биз Токиодо кетирген бардык каталарды жана нюанстарды оңдодук. Өлкө намысын коргоо ар дайым жоопкерчиликтүү. Бизди колдогон күйөрмандарга жана машыктыруучуларга рахмат. Эл колдоп, күйөрмандык кылып турганы  биз үчүн жеңил жана жагымдуу. 500 метр кош жарыш - ылдамдык дисциплинасы болуп калды. Анда бүт жарышты бир секундда аяктоого болот! Ушундан улам өзүңдү көзөмөлгө алышың керек. Ошондуктан, өз жумушунду так аткарууң керек.

Ата мекендик ок атуу боюнча команданын өкүлдөрү өлкөгө алты лицензия алып келишти. Бул Казакстан үчүн жаңы рекорд. Алты спортчу тең биринчи жолу Олимпиадага катышат. Анан албетте мушкерлер Парижде өнөр көрсөтөт.  Алар 10 лицензия жеңип алышкан. Алардын арасында эгиз бир туугандар – Айбек менен Нурбек Оралбай да бар.  Алардын негизги күйөрмандарынын айтымында, мушкерлерде Олимпиаданын байге ээси болууга мүмкүнчүлүк чоң.

Рахат Оролбай, эгиз бир туугандардын атасы:

– Уулдарым менен күндө байланышып, салмагы кандай, витамин ичип жатабы, маанайы кандай экенин билип турам. Кесипкөй болушса да баары бир толкундоо болот. Алар үчүн көңүлүн топтоп, бокстун жогорку деӊгээлин көрсөтүп, казак элинин өжөрлүгүн, мүдөөсүн дүйнөгө таанытып, желегибизди Парижде желбиретүү маанилүү.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндарына Казакстандан 12 калыс тартылат. Көркөм гимнастика, оор атлетика, сууда сүзүү, теннис, спорт гимнастика, фехтование, баскетбол, күрөш жана бокс боюнча адистер төрт жылдыктын негизги оюндарына калыстык кылууга чакыруу алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков