Алматылык Галымжан Ауесбай Шымбулакта экстремалдык трюк жасап, баарын таң калтырды. Ал бийиктиги 3200 метр чокуда биринин үстүнө бири коюлган 9 орундукта туруп, көк желекти желбиретти.
Жаратылыштын сулуулугун, кооптуулугун баамдаган өнөр ээси бул видеону тартууга бир ай бою тынымсыз даярданган. Трюк жасоо учурунда колдонулган орундуктар жаңгак жыгачынан атайын буйрутма менен жасалган. Ар бир отургучтун салмагы 7 жарым килограмм.
Галымжан Ауесбай, акробат:
– Бул өнөрдү эч ким үйрөткөн эмес. Баары адамдын жеке каалоосу, кызыгуусу менен жаралган дүйнө. Шымбулактын чокусунан жасап тартабыз деп ойлогонбуз. Орундуктар оор экенин билесиздер, аны өйдө көтөрүү оңой болгон жок.
Галымжан Англия циркинде 3 жыл акробат болуп иштеп, өнөрүн өркүндөткөн. Жалпысынан эквилибристикалык өнөр түрү менен 10 жылдан бери алектенет. Анын алдыга койгон максаттары көп. Алардын бири казак цирк өнөрүн өркүндөтүү, жаңы трюктарды жаратуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков