Казакстан Азия оюндары – 2025-мелдешин 20 медаль менен жыйынтыктады

Казакстан Азия оюндары – 2025-мелдешин 20 медаль менен жыйынтыктады

Казакстандык спортчулар Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында тарыхый жеңишке жетишти. Өлкөнүн курама командасы жалпы командалык эсепте 4-орунду ээлеп, 20 медалга ээ болду. Команданын капчыгында 4 алтын, 9 күмүш жана 7 коло байге бар. Эске сала кетсек, Казакстандын атынан спорттун алты түрү боюнча он дисциплина боюнча 137 спортчу катышты.


Мейрамгазы Сапаргалиев, Туризм жана спорт министрлигинин спорт жана дене тарбия иштери боюнча комитетинин расмий өкүлү:


- Бул ийгилик Казакстандын Азиянын спорттук аренасында татыктуу орунду ээлегенин дагы бир жолу тастыктады. Өзгөчө фристайл-акробатика боюнча тарыхый жеңишти белгилегим келет. Шорт-трек боюнча эркектердин командасы да жакшы оюн көрсөтүштү. Казакстандык спортчулар Кытайдын күчтүү командаларынан озуп, эркектер хоккей командасы алтын медалга ээ болушту. Финалда биздин хоккейчилер Жапония командасын 5:0 эсебинде утуп алды. Биатлондогу ийгиликти да белгилебей коюуга болбойт. Владислав Киреев спринтте алтын, эстафетада күмүш байгеге ээ болуп, жогорку ылдамдыкты жана ок атуудагы тактыкты көрсөттү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков