Казакстандык спортчулар Түркияда VI этноспорт маданий фестивалына катышты

Казакстандык спортчулар Түркияда VI этноспорт маданий фестивалына катышты

Казакстандык спортчулар Түркияда өткөн VI этноспорт маданият фестивалына катышты. Анда Ата мекендик эр эңишчилер жана тыйын эңмей федерациясынын мүчөлөрү өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жалпысынан Стамбулдагы эл аралык иш-чарага 20 өлкөдөн 1000ден ашык спортчу жана маданият тармагынын өкүлдөрү чогулду. Анын алкагында улуттук спорттук мелдештер, түрк элдеринин салттуу кол өнөрчүлүгү жана тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду. Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы улуттук баалуулуктарды даңазалаган иш-чараны 6-жолу өткөрүп жатат. Казакстандык делегация катышуучуларды өлкөдө мерчемделген Көчмөндөр оюндарына чакырды.

Исламбек Салжанов, Улуттук спорт бирикмесинин президенти:

– Быйыл президенттин демилгеси менен Казакстанда аяк оона айында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалууда. Ага 3 миңден ашык спортчулар келет. Анын өтүшүнө дүйнөлүк конфедерация чоң колдоо көрсөтүп жатат. Бул спорттун гана эмес, өлкөбүздүн маданиятын, руханий дүйнөсүн, анын ичинде улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков