Олимпиада байге ээлери мекенине кайтып келди

Гүл чамбарлар, казактын улуттук тамактары жана күйөрмандардын жылуу каалоолору. Парижден учуп келген казакстандык спортчуларды Алматы аэропортунда коомчулук мына ушундай тосуп алды. Эскерте кетсек, Нариман Курбанов Парижде өткөн Олимпиада оюндарында гимнастикалык ат снарядынын көнүгүүсүндө жеңишке жетишкен. Ал эми казакстандыктар Александра Ле менен Ислам Сатпаев Париж Олимпиадасында бутага атуу боюнча «коло» байгеге ээ болушту.


Нариман Курбанов, Париждеги олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси:

- Олимпиада башталгандан бери медаль алабыз деген үмүттүн отун өчүрбөдүк. Бул биздин максатыбыз болчу. Үч жылдын ичинде биз пландуу түрдө гана жыйынтыктарды жакшырттык. Жыл сайын биздин көрсөткүчүбүз мыкты болуп, жеңишке жетип аттык. Ошентип медалга болгон ишеним артты.

Александра Ле, Париждеги олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси:


- Менин кубанычымда чек жок. Бул сезимди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Бута атуу боюнча көптөн бери байгеге ээ боло албагандыктан, биз бул мелдеште алгачкылардан болгонубузга кубанычтабыз. Муну менен биз казактар билектүү эле эмес, мерген  экенибизди да далилдедик.


Которгон: Илгиз Жамалбеков