Казакстанда мамлекеттик бюджеттен спорттук легионерлерге каражат бөлүүгө
тыюу салынат. Эми каржылоо жергиликтүү спортчуларды колдоого жана спорттун
приоритеттүү түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталат. Жалпысынан, бул тармактагы саясат
эми спортчулардын Олимпиада, Паралимпиада, Сурдлимпиада, Азия жана Пара Азия
оюндарына жетишкендиктерине багытталды. Сенат спортту жана дене тарбияны
өнүктүрүү жөнүндөгү мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү жактырды. Алар 11
жаңылыкты камтыйт. Мисалы, Спорттук медицина жана реабилитация боюнча улуттук
уюм мыйзамда өзүнчө беренеге ээ болот – бул анын спортчуларды даярдоодогу жана
калыбына келтирүүдөгү ролун күчөтөт. Өзгөртүүлөр республикалык жана аймактык спорт
федерацияларынын статусуна да тиешелүү болот – алар улуттук болуп калат. Бул өз
кезегинде алардын тармакты өнүктүрүүдөгү ролун жогорулатат.
Маулен Ашимбаев, Парламент
Сенатынын төрагасы:
- Бүгүн каралган мыйзам – бул багытта ишке ашырылып
жаткан маанилүү кадамдардын бири, ал спорт тармагын башкарууну өркүндөтүү
механизмдерин карайт. Анда спортту өнүктүрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды
натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылган жоболор камтылган. Жактырылган мыйзам
сергек жашоо образын жайылтууга, жарандарды, өзгөчө балдарды массалык спортко
тартууга жана жогорку спорттук натыйжаларга жетүүгө түрткү берет деп ишенебиз.
Которгон: Сезим Шейшеналиева

