Ушул жайда Шакпак-Баба ашуусу аркылуу Казакстандын
биринчи төрт тилкелүү автотранспорттук туннелин ишке киргизүү пландалууда. Анын
жалпы узундугу 840 метрди түзөт. Эске сала кетсек, ал Жамбыл жана Түркестан
облустарынын чек арасында жайгашкан. Учурда бетондоо жана асфальттоо иштери
толугу менен бүткөрүлүп, жарыктандырылды. Азыркы тапта газ түтүктөрү тартылып,
видеокөзөмөл ошондой эле желдетүүчү жана өрткө каршы жабдуулар орнотулууда. Серепчилердин
айтымында, бул долбоор өлкөнүн транзиттик дараметин өнүктүрүү үчүн стратегиялык
ролду ойнойт.
Төлеген Абдуллин,
транспорт министрлгинин комитет төрагасы:
Бул кыймыл транзиттик
транспорттордун калктуу пункттарга кирбестен өтүүсүнө шарт түзөт. Мындан
тышкары, бул аймак өзгөчө кышында барууга кыйынчылык туудурат. Ошондуктан
жердин шартын эске алуу менен бул туннель ушул тилкеге курулган. Ооба, бул
долбоор өлкөнүн транзиттик дараметин жогорулатууну камсыз кылуу менен «Батыш
Европа-Батыш Кытай» негизги бөлүгүнө кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков