Казакстанда жер жана суу ресурстарынын санариптик платформалары түзүлөт

Казакстанда жер жана суу ресурстарынын санариптик платформалары түзүлөт

Казакстандын өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычы санариптештирүү болушу керек. Өлкө башчысы өз кайрылуусунда жаңы технологияларды жана нейрон тармактарын геологиялык чалгындоодо колдонуу зарыл экенин белгиледи. Мисалы, кен чыккан жерлерди так талдоо үчүн жер казынасынын санарип карталары, ошондой эле жер ресурстарынын бирдиктүү санарип картасы түзүлөт. Ал аграрчыларга топурактын сапатын баалоого, түшүмдү болжолдоого жана айыл чарба өсүмдүктөрүн тандоого жардам берет. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев суу ресурстарынын бирдиктүү санарип платформасын түзүүгө тапшырма берди. Ал жасалма интеллекттин негизинде иштейт жана жер үстүндөгү, жер астындагы суулар жөнүндөгү маалыматтарды бириктирет. Суу ресурстары жана ирригация министрлиги Улуттук маалымат системасын түзүү боюнча иштер башталганын билдирди. Казакстандыктар бардык суу ресурстарынын картасын гана эмес, чет элдик суулардын келиши жөнүндөгү маалыматтарды да көрө алышат.

Аслан Абдраимов, суу ресурстары жана ирригация боюнча вице-министри:

- Биз санариптик технологияларды киргизүү натыйжалуу башкарууну камсыздап, ошону менен суу ресурстарын жетиштүү үнөмдөй турганына түшүнөбүз. Бул технология бизге сууну бөлүштүрүүдө тиешелүү ачыктыкты да берет. Бул аянтча биздин тармактык суу органдары үчүн гана эмес, алар бардык маалыматты онлайн режиминде ыкчам алышат. Ошондой эле бул биздин суу керектөөчүлөр үчүн да аянтча.

Которгон: Илгиз Жамалбеков