Казакстандын борбор шаарында III Astana Open Dialogue жыйыны өттү

Казакстандын борбор шаарында III Astana Open Dialogue жыйыны өттү

Казакстандын электрондук өкмөттөн жасалма интеллект технологияларына негизделген мамлекеттик башкаруу моделине өтүүсү Astana Open Dialogue аналитикалык платформасынын III жыйынында талкууланды. Диалог аянты Казакстандын жана чет өлкөлөрдүн тармактык серепчилерин, эл аралык уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрүн бириктирди. Катышуучулар мамлекеттик секторду санариптештирүү, өлкөдө санариптик экономика үчүн инфраструктураны түзүү жана Аi-чечимдеринин өнүгүшү шартында эмгек рыногун талкуулашты. Мисалы, бүгүнкү күндө Astana Hub аркылуу миңден ашык IT-компания колдоого алынууда, аянтта 700дөн ашык стартап катталган жана резиденттердин долбоорлоруна тартылган инвестициялардын көлөмү 250 миллиард теңгеден ашты. Кошумчалай кетсек, экспорттук IT-чечимдерди өнүктүрүүгө жана жаңы кадрларды даярдоого жардам берген Techorda программасы иштейт. Мындан тышкары, Эл аралык жасалма интеллект борбору - Alem.Ai ачылууда, «Жасалма интеллект тууралуу» мыйзамды кабыл алуу пландаштырылууда, Санариптик кодекс боюнча иштер жүрүп жатат. Аянтта айтылган серепчилердин сунуштары талданып, сунуштарга киргизилет.

Айбек Кумисбеков, Astana Open Dialogue уюштуруучусу:

- Биздин талдоочулар тарабынан үч номердеги чоң аналитикалык бюллетень иштелип чыгат, анда биздин серепчилерден, чакырылгандардан, анын ичинде суроолордун алкагында, талкуулардын алкагында айтылган бардык негизги билдирүүлөр жана маанилүү ойлор сунуштар түрүндө ушул аналитикалык отчетко киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков