2035-жылга чейин жасалма интеллект Казакстандын эмгек рыногунун дээрлик жарымын өзгөртөт

2035-жылга чейин жасалма интеллект Казакстандын эмгек рыногунун дээрлик жарымын өзгөртөт

Жасалма интеллект жана санариптик технологиялар Казакстандагы эмгек рыногуна таасирин тийгизип жатат. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, 2035-жылга карата өлкөдө 560тан ашуун кесип жасалма интеллекттин таасири менен өзгөрөт, ал эми 14 кесип толугу менен жок болот. Ошол эле учурда тармактык билимди жасалма интеллект менен айкалыштыруучу жаңы кесиптер пайда болууда. Серепчилердин айтымында, жакынкы жылдары аларга болгон суроо-талап өсө берет. Муну менен катар билим берүү системасынын жаңы шарттарга ылайыкташуусуна караганда, иш менен камсыз кылуу структурасы тездик менен өзгөрүп жатат. Жумуш берүүчүлөр өнүккөн өндүрүштө, санариптик технологияда, таза энергетикада, коргонуу жана креативдүү тармактарда кадрлардын тартыштыгын сезип жатышат. Өлкөнүн илим жана жогорку билим берүү министрлиги 73 миңден ашуун ишканада сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча талап кылынган кесиптер аныкталды - экономика техникалык адистерге абдан муктаж. Ошол эле учурда мал чарбасы жана металлургия сыяктуу тармактар да абдан маанилүү.

Дания Еспаева, Парламент Мажилисинин төрагасынын орун басары:

– Жасалма интеллектти экономиканын негизги секторлоруна тез арада киргизүү жогорку билим берүү системасынан санариптештирүү жана автоматташтыруу шартында иштөөгө жөндөмдүү адистерди даярдоону талап кылат. Бул үчүн жогорку билим алуунун жеткиликтүүлүгү кыйла кеңейтилип, мамлекеттик колдоо күчөтүлүүдө. Атап айтканда, акыркы беш жылда тармакты каржылоонун көлөмү 246 млрд теңгеден 472 млрд теңгеге чейин көбөйгөн. Жыл сайын мамлекеттик билим берүү гранттарынын саны өсүп жатат, быйыл алардын саны 77 миңди түздү.

Ошол эле учурда Казакстанда университеттердин санариптик улуттук рейтинги киргизилет. Ал ЖОЖдордун натыйжалуулугун баалоонун негизги куралы болот. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек Мажилистеги өкмөттүк саатта билдирди. Рейтингдин негизинде мамлекеттик каржылоо бөлүштүрүлөт жана ЖОЖдун позициясы канчалык жогору болсо, ал ошончолук көп колдоо алат. Мындан тышкары, бул жыйынтыктар абитуриенттер үчүн тандоо критерийи болот. Белгилей кетсек, система ушул жылы иштей баштайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков