Бүгүн Казакстан Жаңылануу күнүн белгилеп жатат. Майрам өлкөнүн жана ар бир казакстандыктын жашоосунда жаңы мезгилдин башталышын билдирет. Жалган куран айынын он күндүгүнүн алтынчы күнү «жашоонун жаңылануусун» билдирген массалык көчөт отургузуу акциясына арналды. Нооруз майрамы бир гана кубанычтуу майрам эмес, өткөндү талдап, келечекке план түзө турган учур. Ошондуктан бүгүн өлкө аймагында тигилген бак-дарактардын мөмө бергени сыяктуу жаңы идеялар менен баалуулуктар, алдыга коюлган максаттар жемишин берип, гүлдөп-өнүгүүгө жетелейт.
Болатбек Пусырманов, акциянын катышуучусу:
— Бүгүн сонун күн. Элибизде «Жылды кандай тосуп алсаң, ошондой өткөрөсүң» деген кеп бар. Бул күнү эл жылуу каалоо-тилектерин билдиришип, ырыскы, береке сурашат. Мен дагы ар бир адамга жыргалчылык каалайм. Өлкөбүз алдыга гана өнүгө берсин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков