Казакстан өнүгүшүнүн
жаңы
этабына кадам таштады. Европалык депутат Тьерри Марианинин айтымында, өлкөдөгү
конституциялык өзгөртүүлөр өз убагында орун алды. Француз саясий ишмери белгилегендей,
эгемендүүлүк жылдарында республика олуттуу экономикалык өсүшкө жетишип,
дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдеди. Бүгүнкү күндө Казакстан кезектеги
кадамга барып, өзүнүн саясий системасын жаңылоодо, заманбап мамлекеттик
институттарды өнүктүрүүдө жана демократиялык өзгөрүүлөрдүн курсун улантууда.
Тьерри Мариани, Европа парламентинин депутаты:
– Сенаттын жоюлушу мамлекеттик институттарды коомдун талаптарына ыкчам жооп берген, ачык жана заманбап дүйнөгө ыңгайлашкан түзүмдөргө айлантат. Францияда мыйзам кабыл алуу айрым учурларда бир жылдан эки жылга чейин созулат, анткени Сенат, адатта, консервативдүү жана реформаларга туруштук берет. Ошондуктан бул жерде диктатура коркунучу жок деп эсептейм. Казакстанда демократия буга чейин эле бекем калыптанган. Ал эми өлкөнүн ыкчам өнүгүшү жана чечимдерди тез кабыл алышы үчүн бул — натыйжалуу ыкма.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

