Президент эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визерди кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев жана Мариус Визер Казакстандын эл аралык дзюдо федерациясы менен узак мөөнөттүү кызматташуусунун келечеги тууралуу пикир алмашты. Мындан тышкары, 2027-жылы өлкөдө өтө турган дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына даярдык көрүү маселелери бекемделди. Өз кезегинде Мариус Визер Касым-Жомарт Токаевге Казакстанда дзюдону өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, Астанада IJF академиясын ачуу пландалууда. Бул аймактагы машыктыруучуларды жана калыстарды даярдоо борборлорунун бири болот.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бүгүнкү күндө дзюдо дүйнөлүк спорт коомчулугунда чоң орунду ээлейт. Дзюдо-Казакстанда дагы абдан популярдуу спорт. Өлкөдө көптөгөн секциялар жана машыгуу борборлору иштейт. Ал жерде 160 миңден ашуун адам, анын ичинде балдар машыгышат. Жакында болуп өткөн Париж Олимпиадасында Елдос Сметовдун жеңүүчү болгонуна сыймыктанабыз. Ошондуктан биз эл аралык дзюдо федерациясы менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты активдештирүүгө ниеттенүүдөбүз.
Мариус Визер, эл аралык дзюдо федерациясынын президенти:
– Казакстанга келүү мен үчүн чоң сыймык. Сизге жана өлкөңүзгө дзюдону гана эмес, социалдык интеграциянын жана тынчтыктын бирден-бир механизми болгон спорт кыймылына колдоо көрсөткөнүңүзгө ыраазычылык билдирем. Дзюдо ассоциациясынын бардык мүчөлөрү жалпы максатка багытталган. Бул коомдо татыктуу орунду ээлеген жарандын тарбиясы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков