Ислам өнүктүрүү банкы Казакстанда суу чарба долбоорлорун каржылайт. Алгачкы транштар быйыл ишке ашырылат. Бул тууралуу Премьер-министрдин орун басары - Улуттук экономика министри Нурлан Байбазаров менен ИӨБ тобунун президенти Мухаммад Аль-Джассердин Сауд Арабиядагы жолугушуусунда белгилүү болду. Инвестициялар өлкөдөгү суу сактагычтарды, гидротехникалык курулуштар менен ирригациялык системаларды куруу, жаңылоо сындуу иш-чараларга жумшалат. Ошондой эле, долбоорлордун техникалык документтерин даярдоого грант бөлүү мерчемделген. Белгилей кетсек, банктын катышуусу менен Казакстанда жалпы суммасы 1 миллиард 800 миллион долларды түзгөн 67 долбоор ишке ашырылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков