Голан дөңсөлөрүндөгү казакстандык тынчтык күчтөрүнүн ийгиликтүү миссиясы

Голан дөңсөлөрүндөгү казакстандык тынчтык күчтөрүнүн ийгиликтүү миссиясы

Казакстандык тынчтык орнотуучулар Голан дөңсөлөрүндө миссияны аткарууда көрсөткөн эрдиги жана чечкиндүүлүгү үчүн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жогору бааланды. Алар катышкан жылдары 560 тапшырма ийгиликтүү аткарылды. Атамекендик аскерлер каршылаш күчтөрдүн ортосундагы ок атышпоо келишиминин сакталышына байкоо салып, көзөмөлдөнгөн аймакты мобилдик кайгуул жүргүзүп, жарылбай калган снаряддарды жок кылышты. Белгилей кетсек, миссия өз өлкөсүнүн желеги астында казакстандык тынчтык орнотуучулардын биринчи өз алдынча операциясы болуп калды. Эске салсак, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жана миссиянын мандатына ылайык, казакстандык контингент аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.


Жигер Арипов, Улуттук тынчтыкты орнотуу контингентинин командири:


- Биз беш жүз элүүдөн ашык тапшырманы аткардык, анын ичинен 45тен ашыгы буфердик зонада жана эки мамлекеттин чек араларында күзөттө жүрдүк, үч эвакуация жүргүзүлдү жана 15тен ашык тапшырма аткарылды, 2 миңден ашык жарылбай калган снаряд жок кылынды. Бириккен Улуттар Уюмунун 20дан ашуун өкүлү Сириянын борбору Дамасктан куралдуу каатчылык күчөгөн маалда аман-эсен чыгарылды.


Микаел Финч, Миссиянын ыкчам башкармалыгын башчысы/Австралия:


- Былтыр теке айынан бери казакстандык компания менен  жакшы кызматташып келем. Мени абдан таң калтырган нерсе алардын кесипкөйлүгү жана өз милдетине берилгендиги болду. Ошондой эле алар жогорку чыңалуу мезгилинде аткарган ишинин көлөмү. Бул ушунчалык таасирдүү болду. Мен казак компаниясына жана анын мүмкүнчүлүктөрүнө толук ишенем. Ал эми келе турган бейпилдик аскерлери да ошондой кесипкөйлөр болоруна ишенем.


Которгон: Илгиз Жамалбеков