Эксперт: Жасалма интеллект тармагына эл аралык стандарттар керек

Эксперт: Жасалма интеллект тармагына эл аралык стандарттар керек

Жасалма интеллект транспорт, автоунаа, саламаттыкты сактоо жана бизнес сыяктуу көптөгөн тармактарды активдүү өзгөртүп жатат. Ушул контекстте AI тармагында туруктуу жана натыйжалуу стандарттарды иштеп чыгуу маселеси барган сайын актуалдуу болуп баратат. Бул тууралуу Эл аралык электротехникалык комиссиянын коммуникациялар боюнча мүдүрү Джеймс Вуд телеканалга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө эл аралык стандарттар биринчи кезекте технологиялардын коопсуздугун, ошондой эле ар кандай системалардын шайкештигин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат. Бирок, бул жетишсиз. Ошондуктан серепчи жасалма интеллекттин өнүгүшү жаңы мамилени талап кылаарын, мында стандарттар техникалык талаптарды гана эмес, технологиялардын адамдарга тийгизген таасирин да эске алышы керектигин белгиледи. Анткени алар ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна тереңирээк интеграцияланууда.

Джеймс Вуд, Эл аралык электротехникалык комиссиясынын коммуникациялар боюнча мүдүрү:

– Казакстан жасалма интеллекттин кандай мүмкүнчүлүктөрүн жана чакырыктарын алып келерин түшүнөт. Бул эң башкысы. Биз бул чакырыктарга жооп бере турган стандарттарды, анын ичинде жасалма интеллект чөйрөсүндөгү стандарттарды иштеп чыгууну камсыз кылууга реалдуу мүмкүнчүлүккө ээбиз. Албетте, улуттук жана техникалык комитеттер аркылуу биздин катышуучулар менен кызматташып, аларды чөйрөдөгү стандарттарды түзүүгө тартуу. Мындай мамиле дүйнөдө жасалма интеллекттин тез өнүгүп жаткан шарттарында чындап иштеп жана колдонула турган натыйжалуу, эффективдүү стандарттарды түзүүгө жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков