2016-жылдан бери Илим фондунун
долбоорлорду гранттык каржылоонун натыйжасында илимди талап кылган өнүмдөрдү
сатуудан түшкөн киреше 35 миллиард теңгеден ашты. Бул жаатта казакстандык окумуштуулардын
өнүмдөрүнүн экспорту 560 миллион теңгеге жетти. Бул убакыт аралыгында
жалпысынан 5 сынак өткөрүлүп, 1700-дөн ашык арыз түштү. Алардын 175-и сатыкка
чыкса, 16-сы тышкы рынокту багындырды. Ал эми 5-чиси 1 миллиард теңгеден ашык
сумманы сатууга жетишкен.
Ринат
Елшибеков, илим жана жогорку билим министрлиги илим комитети башкармасынын
башчысы:
-Учурда 6 коммерциялаштыруу
боюнча сынак жүрүп жатат. Ал талдоо баскычында туруп, 300-дөн ашык арыз келип
түшкөн. Анын ичинен 70 долбоор жактырылган жана алар 2027-жылга чейин
каржыланат. Негизинен бизде агро өнөр жай комплекси, жер казынасын пайдалануу
багытында долбоорлор бар. Башкача айтканда, алар металлургия, тоо-кен жана
башка, үчүнчүсү медицинага арналган.
Технологияларды
коммерциялаштыруу реактору илимпоздордун ойлоп табууларын илгерилетүүгө көмөктөшөт.
Атайын диалог аянтчасы аларга бизнес өнөктөштөрдү табууга уникалдуу мүмкүнчүлүк
берет. Илим менен бизнестин интеграциясы боюнча акыркы иш-чарада медицина жана
фармацевтика тармагындагы ондогон уникалдуу иштеп чыгуулар көрсөтүлдү. Негизинен
бул ата мекендик тажрыйбалуу дарыгерлердин долбоорлору. Алардын катарында
Мейирбек Аймагамбетов да бар. Ал, Семей медициналык университетиндеги
кесиптештери менен универсалдуу ретракторду иштеп чыккан.
Мейирбек Аймагамбетов,
профессор, МИД Семей медицина университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын
жетекчиси:
-Биз көргөзмөдө
20 жылдык эмгектин, практикалык жана илимий иштердин жыйынтыгын көрсөттүк. Бул
шаймандар ретракторлор. Универсалдуу деп эсептелет. Башкача айтканда, операция
учурунда жаранын оозун ачып, кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Аны операцияда
алмаштыргыс курал деп атоого болот. Мында куралдардын 3 түрү көрсөтүлгөн. Бул
кичинекей жараны дарылоого, муну менен катар ал чоң-кичине жараларды,
илдеттерди дарылоого кошумча жардам болот. Бул кошумча аппараттар. Аларды
медицина тармагына киргизүү үчүн аны заводдук нускада чыгаруу керек. Мындан
тышкары, хирургиялык бөлүмдөрдү жабдуу үчүн завод нускасында зарыл.
Белгилей
кетсек, акыркы технологияны коммерциялаштыруу реакторунун жыйынтыгы боюнча бир
нече илимпоздор илимди талап кылган тармактарды биргелешип ишке ашыруу үчүн
бизнес менен кызматташуу боюнча алдын ала макулдашууларга жетишти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков