Зайсан, Катон-Карагай жана Кендирли курорттук аймактарында жаңы аэропорттор курулат

Зайсан, Катон-Карагай жана Кендирли курорттук аймактарында жаңы аэропорттор курулат

Казакстандын Зайсан, Катон - Карагай жана Кендирли курорттук аймактарында үч жаңы аэропорт курулат. Эскерте кетсек, буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев алардын дараметин ачууну, аэровокзал комплекстерин жана аба портторун курууну тапшырган. Долбоорлорду ишке ашыруу башталды. Аэропорттор курорттук аймактарды жеткиликтүү кылууда маанилүү ролду ойнойт, бул ата мекендик жана чет өлкөлүк туристтердин келишине өбөлгө түзөт. Албетте, мындай аракет жалпысынан региондордун экономикасын өнүктүрүү үчүн мультипликативдик натыйжа берет.


Сарсен Жарылгасов, Транспорт министрлигинин Жарандык авиация комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу


- Бүгүнкү күндө аэропорттордун параметрлери аныкталды. Алардын туурасы 2200 метрден 35 метрге чейин келет. Саатына 150 жүргүнчү-өткөрүү жөндөмдүүлүгү бар. Алар Qazaq Air компаниясынын Q400 учагына ылайыкталган. Башкача айтканда, бул келечекте Астана менен Алматыга түз каттамдарды камсыздайт. Бүгүнкү күндө жер тилкелери жана аэропорттордун жайгашкан жери аныкталып, жер тилкелерин каттоо жана долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков