15-март – Кайрымдуулук күнү

15-март – Кайрымдуулук күнү

Бүгүн, жалган куран айынын 15и Казакстанда кайрымдуулук күнү. Бул майрам Ноорузнаманын он күндүгүнө кирет. Бул күн өлкө элин мээримдүүлүк менен таттуу коңшулукка чакырат. Ошондой эле, өз ара түшүнүшүү, боорукердик, камкордук сыяктуу касиеттерге тарбиялайт. Бул күнү адамдар кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, бири-бирине жардам колун сунат. Ноорузду майрамдоо учурунда бул касиеттер болушунча кеңири жайылтылып, анын баркы жогорулайт. Жалпысынан Улуу Талаанын башкы баалуулуктарынын бири – адамдардын бири-бирине боорукердик таанытып, өз ара көмөк көрсөтүү коомчулукту бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгартып, бир муштумдай бириктирүү болуп саналат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков