Казакстанда жаңы Конституцияны колдоо боюнча жалпы улуттук Коалиция түзүлдү

Казакстанда жаңы Конституцияны колдоо боюнча жалпы улуттук Коалиция түзүлдү

Өлкөнүн коомдук-саясий күчтөрү «Адилеттүү жана прогрессивдүү Казакстандын Элдик Конституциясы үчүн» жалпы улуттук коалициясына биригишти! Саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, профсоюздардын өкүлдөрү жана серепчилер өлкөнүн Баш мыйзамынын жаңы долбоору саясий системаны андан ары модернизациялоого багытталганын белгилешет. Коалициянын мүчөлөрү референдумдун алдында аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөшүүдө. Алматы шаарында Жалпы улуттук коалициянын мүчөлөрү менен жолугушууда Премьер-министрдин орун басары Аида Балаева президент Касым-Жомарт Токаевдин Адилеттүүлүк, Мыйзам жана тартип принциптерине негизделген демилгелери өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабын аныктай турганын билдирди. Ал чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү менен болгон маегинде масштабдуу саясий реформаларга, ошондой эле жаңы Конституциянын долбоорунун маанисине токтолду. Ал эми вице-премьер илимий коомчулук менен жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун мааниси жана анын интеллектуалдык улутту калыптандыруудагы ролу тууралуу айтып беришти. Артыкчылык багыттардын арасында - өзгөчө санариптик чөйрөдө жарандардын укуктарын коргоо бар.

Ал ортодо Түркестан облусунда аймактык коалиция тургундар менен түз диалогго басым жасады. Облуста эки миңге жакын жолугушуу пландаштырылган, анда сунушталган өзгөртүүлөрдүн мааниси түшүндүрүлүп, жарандардын суроолоруна жооп берилет. Андан тышкары, ишти координациялоо үчүн партиялык филиалдардын алдында кошумча 18 коалиция түзүлдү.

Калыйма Жантөрөева, AMANAT Партиясынын облустук филиалынын аткаруучу катчысынын орун басары:

– Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, коалиция жарандардын сунуштарын да кабыл алып, эске алат. Анын өзгөчөлүгү мына ушунда: ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү өз позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Коалициянын негизги айырмачылыгы ачыктыгында жана элге жакындыгында.

Шымкентте шаардык коалиция жолугушууларды жана талкууларды офлайн, ошондой эле онлайн форматта өткөрүүнү пландаштырууда. Бул мегаполистин мүмкүн болушунча көп тургундары маалымат алып, өз позициясын билдире алышы үчүн жасалууда.

Караганды облусунун коалициясынын мүчөлөрү да жаңы Конституциянын долбоорун талкуулашты. Алар документте инсандын ролун бекемдөөгө, билим берүүнү, илимди жана инновацияны келечектеги өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычтары катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгилешти. Катышуучулар аймактын калкын кеңири маалымдоого багытталган 800дөн ашык иш-чара өткөрүүнү көздөшүүдө. Белгилей кетсек, ушундай коалициялар Кызылорда, Павлодар, Костанай жана Казакстандын башка аймактарында да түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков