Тарыхый-документалдык
мурастарды санариптик үлгүгө көчүрүү. Борбор калаада жаш архив кызматкерлеринин
салттуу эл аралык жайкы мектебинде тармактын адистери ушул теманын алкагында
тажрыйба алмашууда. Ага Казакстандын бардык аймактарынан, жакынкы жана алыскы
чет өлкөлөрдөн 100дөн ашык архив адистери катышууда. Алар заманбап санариптик
технологияларга, жасалма интеллектке жана унааны үйрөнүү ыкмаларына негизделген
архивдик иш-аракеттерди өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулоодо. Программа салттуу
лекциялардан тышкары, тажрыйбалык сабактарды жана тренингдерди, биргелешкен
долбоордук иштерди камтыйт. Мектеп акыркы сегиз жылда 1200дөн ашуун жаш
адистерди даярдады.
Алия Мустафина,
Президент архивинин мүдүрү:
- Быйыл президентибиз Касым-Жомарт
Кемел уулу улуттук курултайда улуттук санариптик архив түзүү тапшырмасын берди.
Бул жайкы мектептин темасы ушул демилгенин негиздерине дал келет. Учурда биздин
архивдин окуу залы санариптик түрдө гана иштейт. Биздин фонддун бардыгы
санариптик түрдө изилдөөчүлөргө, конокторго жеткиликтүү. Архивдик фонд
жалпысынан 1 млн. 500 миңден ашык документти түзөт.
Ольга Павленко,
Орусия мамлекеттик гуманитардык университетинин илимий долбоордук иштери
тууралуу проректору:
- Учурда биз
Казакстандын Улуу Жеңишке кошкон салымына байланыштуу биргелешкен чоң долбоорду
ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө Орусиянын архивдеринде жана
сиздердин дээрлик бардык архивдерде казакстандык жоокерлердин эрдиктери
тууралуу көп сандагы архивдик документтер топтолгон. Бул боюнча масштабдуу
тарыхый-документалдык басылма даярдалып жатат. Казакстандык мектеп санариптик
документ, жалпы документ таануу жана Орусия менен Казакстандын биргелешкен
изилдөөлөрү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

