Мамлекет башчы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешинин баш катчысы Кайрат Сарыбайды кабыл алды

Мамлекет башчы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешинин баш катчысы Кайрат Сарыбайды кабыл алды

Президент Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешке төрагалык кылуунун алкагында сунуш кылган демилгелерди жана артыкчылыктарды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Кайрат Сарыбай форумду институционалдык жактан бекемдөө боюнча жасалып жаткан иштерге токтолду. Мамлекет башчы Казакстан Кеңешти эл аралык уюмга айландыруу процессинде абдан активдүү экенин белгиледи. Ошондой эле, президент уюмдун географиясын жана тышкы байланыштарын кеңейтүүгө көңүл бурду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков