Казакстан – Азербайжан: Кызматташуу үчүн келечектүү багыттар

Казакстан – Азербайжан: Кызматташуу үчүн келечектүү багыттар

Транскаспий эл аралык транспорттук багытынын же аны дагы Ортоңку коридор деп аташат, өнүгүшүндө Казакстан менен Азербайжан чоң роль ойнойт. Жүк ташуунун ылдамдыгы жана көлөмү бул өлкөлөргө көз каранды. Мындай пикирин Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун башкы серепчи Алишер Тастенов билдирди. Анын айтымында, мамлекеттердин транспорт тармагында гана эмес, энергетика жана айыл чарба тармактарында да биргелешип иш алып барууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Казакстан Азербайжанга буудай, мунай жана алюминий экспорттойт. Ал эми өлкө айыл чарба өнүмүн жеткирүүнү көбөйтүүнү көздөөдө. Өз кезегинде Азербайжан күнүмдүк керектелүүчү товарларды жана кеме куруу өнүмдөрүн алып келет. Талдоочунун айтымында, экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштарга негизделген көп жылдык достук аймак үчүн бекем жана стратегиялык маанилүү кызматташтыкты камсыздайт.

Алишер Тастенов, Президент алдындагы казакстан стратегиялык изилдөөлөр институнун башкы серепчиси:

- Бүгүн эки өлкө эки негизги долбоорго көңүл бурууда. Биринчиси - дүйнөлүк интернет тармагына интеграциялоо үчүн альтернативдүү маршрут түзгөн оптикалык-була байланыш линиясы. Экинчиси - терең суудагы электр куурун тартуу. Бул долбоор Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын энергетикалык системаларын байланыштырат. Бул, негизинен, Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө жашыл энергетиканы жеткирүү үчүн «жашыл коридор» болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков