Казакстанда электрондук
китептерге жана санариптик архивдерге болгон кызыгуу өсүүдө. Улуттук жазуу
мурастарын сактоодо жана жайылтууда «Казак улуттук электрондук китепканасы»
долбоору негизги ролду ойнойт. Порталда китептер, сейрек кездешүүчү жана архивдик
документтер, кол жазмалар, мезгилдүү басылмалар, диссертациялар, карталар,
ошондой эле аудио жана видео ресурстар чогултулган. Жыл башынан бери
платформадагы материалдарды көрүү 3,6 миллиондон ашык, ал эми электрондук
көчүрмөлөрдү жүктөө 900 миңге жакын болду. Китепкананын фонду дайыма толукталып
турат. Биринчи жарым жылдыкта порталга 2,5 миң
санариптик дубликат жүктөлүп, 400дөн ашык документ иштетилди жана 120 миңден
ашык барак санариптик форматка өткөрүлдү. Ошол эле учурда китепканалардын өздөрү да
жаңыланууда. Белгилей кетсек, бугу айында президент «Окуган улутту
калыптандыруу жөнүндө» жарлыкка кол
койгон. Азыркы учурда китепканалар заманбап коомдук жайларга айланып, китеп
фондулары санариптик технологиялар жана окурмандар менен иштөөнүн жаңы
форматтары менен айкалышууда.
Кумис Сеитова,
Улуттук академиялык китепканынын мүдүрү :
- Бизге китепканалардын маалыматтык-билим берүү, ошол эле учурда көңүл ачуу борборлоруна айланышы абадай зарыл. Анткени заман талабы ушундай. Балдар түнкү клубдарга эмес, китепканаларга кубаныч менен агылып келе тургандай шарт түзүшүбүз керек
Которгон: Илгиз Жамалбеков

